Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Кыргыз-түрк ишкерлери Кыргызстанда өнөр жай аймагын курууну макулдашты


Түркиянын Анкара шаарында өткөн Кыргыз-түрк бизнес форуму. 10-июнь, 2021-жыл.
Түркиянын Анкара шаарында өткөн Кыргыз-түрк бизнес форуму. 10-июнь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга жасаган үч күндүк иш сапарынын алкагында экономикалык багыттагы беш келишимге кол коюлду. Бул тууралуу инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматовдун президенттин иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу берген билдирмесинде айтылат.

Президенттин сайтындагы маалыматта ал келишимдердин бирине өзүнчө токтолуп, Түркиянын “Остим” өнөр жай аймагынын моделине окшош системаны Кыргызстанда куруу жана жайылтуу пландаштырылып жатканын белгиледи. Анда бир аймакка 600дөн ашуун компания чогултулат. Заводдор менен фабрикалар бир жерде топтолуп, өндүрүүчүлөр жана экспортерлор үчүн ыңгайлуу болмокчу.

“Кыргыз-түрк өнөр жай зонасын Чүй облусунун аймагына куруу пландалууда. Мындан тышкары, биздин компаниялар дагы башка беш келишимге кол коюшту. Алар өз учурунда өнөктөштөрү менен биргелешкен долбоорлорго инвестиция салат. Долбоорлорду алмаштык, алар бизге өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты, биз болсо аларга долбоорлорубузду сунуш кылдык”, - деп келтирилет министрдин сөзү кабарда.

Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Түркиянын ишкерлер коомчулугунун кеңири чөйрөсү Кыргызстанга жеңил өнөр жайы, айыл чарбасы, логистика, инфраструктуралык долбоорлор жана гидроэнергетика сыяктуу тармактарга инвестиция салууга кызыкдар болуп жатат. Министрдин айтымында, жакында түрк компанияларынын эксперттер тобу Бишкекке келип, өлкөнүн инвестициялык потенциалын иликтешет.

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарына 9-июнда барып, 11-июнда кайтып келди. Ал иш сапарынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган баштаган ар кайсы аткаминерлери менен жолукту. Анкара шаарында Түркиянын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинин (СПТББ) аянтчасында түрк ишкерлер-коомчулугу кездешип, кыргыз-түрк бизнес форумуна катышты. Жапаров Түркияда иштеген кыргызстандыктар менен да жолукту. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG