Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:25

Жалал-Абадда июнь окуясынын 11 жылдыгы эскерилди


Топурак-Бел ашуусундагы монументтеги иш-чара. 12-июнь, 2021-жыл.
Топурак-Бел ашуусундагы монументтеги иш-чара. 12-июнь, 2021-жыл.

Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда 2010-жылдагы окуяга арналып курулган мемориалдык комплексинде өттү.

Монумент алдындагы иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкон тургундар катышты. Буга жакынын жоготкон өзбек тектүүлөр катышкан жок. Бийлик өкүлдөр бардык жабырлануучулар чакыртылганын билдиришүүдө.

Жалал-Абаддагы эскерүү жыл сайын 12-июнда ушул жерде өтөт.

Эскерүүдө сөз сүйлөгөн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улуттар арасындагы ынтымак өлкөнүн өнүгүүсүнүн башкы кадамы экенин айтты.

Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашуун кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 65% бети ачылган. Жалпысынан июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган. (TB\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG