Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Араванда 63 жаштагы киши зордуктаган өспүрүм кыз көз жарды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облустук милициясы Араван районунда зордукталган 15 жаштагы өспүрүм кыз 15-майда көз жарганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, тергөөдө өспүрүмдү 63 жаштагы кошунасы зордуктаганы аныкталган.

Окуя 2020-жылдын 20-августунда Чек-Абад айыл аймагындагы эгин талаада болгон. Өспүрүмдүн зордукталып, кош бойлуу экенин апасы үч айдан кийин ооруканага алып барганда билген.

Аталган факты боюнча өткөн жылдын аягында, 3-декабрда сотко чейинки өндүрүш ачылып, экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгында кылмыш жасалгандыгы аныкталгандыктан айыпталуучу 4-июнда кармалган. Сот аны 22-июнга чейин камакка алууга чечим чыгарган.

Аталган кылмыш Жазык кодексинин 162- беренеси "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" менен катталып, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG