Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Израил аң тери буюмдарын өндүрүүгө, сатууга тыюу салды


Тиешелүү документке өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо министри Гила Гимлиэль кол койду. Бул тууралуу The Jerusalem Post басылмасы жазып чыкты.

Мына ушундай жол менен Израил аң терилеринен тигилген кийимдер менен алардан жасалган буюмдарды өндүрүүгө жана сатууга тыюу салган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калды.

Бул тыюу 2021-жылдын декабрь айынан баштап, күчүнө кирет.

Аны бузгангандарга 75 миң шекел же 22 320 АКШ доллары өлчөмүндө айып пул салынат же болбосо бир жылга чейин эркинен ажыратылат.

Бирок ошол эле кезде Израилде аң терилери мурдагыдай эле илимий изилдөө иштеринде жана диний жөрөлгөлөрдө колдонула берет.

Израилдеги жаныбарларды коргоочулар аң-терилерине тыюу салуу демилгесин 2009-жылдан бери көтөрүп келишкен. Сурамжылоолордо калктын 86 пайызы бул демилгени колдой турганы белгилүү болгон.

Соңку жылдары дүйнөдөгү эң ири кийим өндүрүүчүлөр аң терилерин пайдалануудан баш тартууда.

Баалуу аң терилери - суусар, норка, ондатыр, кундуз сыяктуу жаныбарлардын терисинен ичиктерди, тумактарды тигүү өндүрүшү бир учурда абдан популярдуу жана кирешелүү тармак болуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG