Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Айзаданын өлүмү: кылмышка шектүүнүн бири күнөөсүн мойнуна алды


Айзаданын өлүмүнөн кийин Бишкекте өткөн нааразылык акциясында тартылган сүрөт.
Айзаданын өлүмүнөн кийин Бишкекте өткөн нааразылык акциясында тартылган сүрөт.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланышту отурум 11-июнда уланды.

Кылмышка шек саналып кармалгандардын бири Орзубек Нурумбетов күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, Замирбек Раманкулов айыпсыз экенин айтты. Андан тышкары, бул окуяга байланыштуу кармалган Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу да жарым-жартылай күнөөлүү экенин айтышты. Бул тууралуу Айзаданын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Коронавирус пандемиясынан улам сот жараяны онлайн өттү. Ишти судья Салтанат Есенкулова карап жатат. Кийинки отурум 15-июнда болот.

Бишкекте 5-апрелде Айзада Канатбекованы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция маркум кыз киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын кабарлаган.

Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялар өткөн жана милиция кызматкерлери катуу сынга кабылган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG