Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:17

Байден менен Жонсон “жаңы Атлантикалык хартияга”кол койду


АКШ президенти Жо Байден менен британ премьер-министри Борис Жонсон. Корнуолле. 10-июнь, 2021-жыл.
АКШ президенти Жо Байден менен британ премьер-министри Борис Жонсон. Корнуолле. 10-июнь, 2021-жыл.

АКШнын президенти Жо Байден менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон британдык Корнуолледеги жолугушууда эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдөөнү көздөгөн документке кол коюшту. Бул документ “жаңы Атлантикалык хартия” деп аталат.

Ал мындан 80 жыл илгери экинчи дүйнөлүк согуш маалында АКШнын президенти Франклин Рузвельт менен британ премьер-министри Уинстон Черчилл кабыл алган Атлантикалык хартиянын уландысы.

Ага кийин гитлердик Германияга каршы бириккен, СССР баш болгон өлкөлөр да кошулган. Бул хартия согуштан кийинки эл аралык саясаттын башкы принциптерин аныктоого багытталган.

“Жаңы Атлантикалык хартияда” АКШ менен Британия демократия, ачык коом жана адам укугу идеяларын жактай турганы баса белгиленет. Документте ошондой эле мамлекеттердин эгемендиги менен аймактык бүтүндүгүн сактоо принциптерине негизделген эл аралык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу айтылат.

АКШ менен Улуу Британия чыр-чатактарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу жана өзөктүк курал турган шартта НАТОдогу өнөктөштөрүн колдоого сөз бекитишти. Анда ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнө каршы бирге күрөшүү зарылдыгы белгиленди.

АКШ президенти Жо Байден мамлекет башчы катары алгачкы чет өлкөлүк сапарын Британиядан баштады. Ал жерде жайгашкан америкалык базадагы аскерлеге кайрылып, Байден президент Владимир Путин менен кездешүүдө Орусияны ар кандай “зыяндуу” аракеттерге барбоого чакырарын айтты:

“Биз стабилдүү жана бир калыптагы мамилелерди каалайбыз. Бирок Орусия өкмөтү кандайдыр бир "карасанатай" иштерге бара турган болсо, АКШ конструктивдүү жана олуттуу жооп кайтарарын кесе айтам”.

Америкалык лидер ошондой эле Вашингтон өнөктөштөрү менен бирге демократияны коргоого даяр деп белгиледи.

Путин менен Байдендин жолугушуусу 16-июнда Женевада өтөт.

Ак Үйдүн маалыматына караганда, президент саммитте Украина маселесин козгойт. Орусия 2014-жылы кошуна өлкөнүн Крым жарым аралын аннексиялап, Кремль колдогон жикчилер Украинанын чыгышындагы ири аймакты өз көзөмөлүнө алышкан. Москва жикчилерди колдой турганын танып келатат.

Байден администрациясы ошондой эле Орусияны оппозиционер Алексей Навальныйды камаганы үчүн сындап жатат.

Европа сапарынын алкагында Байден “Чоң Жетинин”, НАТОнун саммиттерине катышып, европалык лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Ал мурдагы президент Доналд Трамптын “Баарынан мурда Америка” деген тышкы саясатынан улам жабыркаган салттуу өнөктөштөр менен мамилелерди оңдоону көздөп жатат.

“Чоң Жетиге” АКШдан тышкары Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG