Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Айзаданын өлүмү боюнча кылмыш иши кыскарды


Айзада Канатбекова.
Айзада Канатбекова.

5-апрелде уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованы өлтүрүү боюнча кылмыш иши кыскарды. Буга 27 жаштагы кызды кыйнап өлтүргөн Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганы негиз болду. Ал эми милиция кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тергеп жатат.

Канатбекованын иши боюнча биринчи соттук отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 27-майда болот. Бул тууралуу маркумдун жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция Айзада Канатбекова киши колдуу болгонго чейин зордукталганы аныкталганын кошумча кабарлаган.

Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялар өткөн жана милиция кызматкерлери катуу сынга кабылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG