Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:04

Арча-Бешик конушунда мыйзамсыз берилген жерлер мэрияга кайтарылды


Бишкектин четиндеги жаңы конуш (иллюстрациялык сүрөт).
Бишкектин четиндеги жаңы конуш (иллюстрациялык сүрөт).

Бишкек шаарынын Ленин районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткен, баасы 28 миллион 273 миң сомго бааланган жер тилкелери мэрияга кайтарылды.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылы Арча-Бешик жаңы конушундагы беш жер тилкесин турак үй куруу үчүн мыйзамсыз түрдө жеке жактарга берип жиберишкен.

Прокуратура тиешелүү документтерди жокко чыгаруу жөнүндө прокурордук акты менен сотко кайрылган. Жыйынтыгында прокуратуранын доо арызы толук канааттандырылып, жер тилкелери мамлекеттин менчигине алынды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG