Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 млн. доллар берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17 миллион доллар берет. Анын тең жарымы грант катары бөлүнөт. Калганы 38 жылга 0,75% менен насыя катары берилет.

Экономика жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, бул акча аймактарды өнүктүрүүгө, экономикалык жана социалдык инфратүзүм объектилерин колдоого жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө жумшалат.

12-майда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө 20 миллион доллар берерин билдирген. Министр бул акчага “Кытайдын "SinoPharm" вакцинасын сатып алабыз” деп билдирген.

Кыргызстанда Кытайдын "Sinopharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Анын алкагында орусиялык "Спутник V" вакцинасы толугу менен сайылып бүтүп, экинчи дозасы гана калды.

Июнь айында "Asrta Zeneca" вакцинасынын 210 миң дозасы COVAX программасынын алкагында келери күтүлүүдө. Ошондой эле кыргыз өкмөтү Кытай менен Орусиядан да вакцина алуу тууралуу сүйлөшүп жатат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG