Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:07

"Ryanair": Протасевичтин окуясы "мамлекет колдогон каракчылык"


"Ryanair" авиакомпаниясынын Минскиге мажбурлап кондурулуп, бир нече сааттан кийин Вильнюска жеткен учагы, 23-май 2021-жыл.
"Ryanair" авиакомпаниясынын Минскиге мажбурлап кондурулуп, бир нече сааттан кийин Вильнюска жеткен учагы, 23-май 2021-жыл.

Ирландиялык "Ryanair" авиакомпаниясы Беларус бийлигинин Грекиядан Литвага бараткан учагын мажбурлап Минскиге кондурганын "мамлекет колдогон каракчылык" деп мүнөздөдү.

23-майда Афина-Вильнюс каттамындагы жүргүнчү учагы “бомба бар” деген шылтоо менен Минскинин аба майданына кондурулуп, борттогу беларус журналисти Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы кармалган. Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары учакты кондуруу буйругун Александр Лукашенко өзү бергенин жазган.

"Ryanair" авиакомпаниясынын башчысы Майкл О’Лири беларус бийлиги журналистти камакка алууну гана көздөгөнүн, бул окуядан улам башка жүргүнчүлөр Минскиде 6 саат күтүүгө туура келгенин айтты.

"Менимче, европалык авиакомпания мындай окуяга биринчи жолу туш болуп жатат. Айтайын дегеним, бул мамлекет колдоосу менен учакты айдап качуу аракети болду. Мамлекет колдогон каракчылык болду. Тилекке каршы, Евробиримдиктин жана НАТОнун расмий өкүлдөрү бул иш менен алек болуп жаткандыктан азырынча көп нерсе айта албайм", - деди Майкл О’Лири.

Ал мындан ары учактары Беларус аркылуу эмес, Польша аркылуу уча турганын кошумчалады.

Евробиримдиктин лидерлери Беларус бийлигинин соңку аракетин кескин айыптап, Лукашенконун бийлигине санкцияларды күчөтүү демилгесин көтөрүп жатышат.

Литвада баш калкалап жүргөн 26 жаштагы журналист Протасевич Беларустагы ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон "Nexta" телеграм-каналынын мурдагы редактору болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG