Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

УКМК Аспековго коюлган экинчи айып тууралуу түшүндүрмө берди


Камактагы Мелис Аспеков
Камактагы Мелис Аспеков

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) активист Мелис Аспековго карата козголгон экинчи кылмыш иши тууралуу түшүндүрмө таратты. Ага ылайык, Аспековго Жазык кодексинин 204-беренесине ("Алдамчылык") ылайык сотко чейинки өңдүрүш башталган.

"Б.Л." аттуу жаран Аспековдун үстүнөн арыз жазып, анда Аспеков кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, тууганын түрмөдөн чыгарып берем деген шылтоо менен 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражат алган, арызданган жарандын кызынан күйөсүн абактан бошотуу үчүн батирин өз жубайына каттаткан", -деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

УКМК Аспековдон жабыркаган дагы башка жарандарды аты-жөнүн ачыкка чыгарбоо шарты менен деле атайын кызматка кайрылууга чакырды.

Өткөн аптада Бишкектеги Биринчи май райондук соту Аспековду 20-июлга чейин №1 тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарган.

Мелис Аспеков сот залынан алып чыгып баратканда экинчи кылмыш ишин "жасалма" деп айтып, №1 тергөө абагына которулушун "коркутуу" катары баалаган жана өмүрү кооптуу абалда экенин, тергөө абагында кол салуу болушу мүмкүн экенин айткан.

Аспеков менен анын шериги, дагы бир активист Улан Жураев ушул жылдын башында камалган. Аларга каршы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилиги арыз жазганы белгилүү болгон.

УКМК Аспеков менен Жураев бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын, сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде жүрүп жатканын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыккан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG