Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:37

25-майда үч миңден ашык милиция кызматкери нөөмөттө болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 2020-2021-окуу жылынын аяктап жатканына байланыштуу аймактардагы башкармалыктар менен жыйын өткөрдү. Анда "Акыркы коңгуроо" салтанаты учурунда окуучулардын коопсуздугун камсыздоо маселеси талкууланды.

ИИМдин басма сөз кызматы жыйын онлайн өтүп, ага облустагы бардык башкармалыктардын жетекчилери катышканын маалымдады.

Быйылкы "Акыркы коңгуроо" аралыктан, онлайн форматта өтөрү пландалганы менен коомдук тартипти 3 391 милиция кызматкери көзөмөлдөп турат.

Буга чейин ата-энелер жана бүтүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, "таң тосуу", жаратылышка эс алууга чыгуу, ресторан, кафелерде кече уюштурууга болбой турганы эскертилди.

Кыргызстанда жалпы 2 296 мектеп бар. Коронавирус пандемиясынан улам "Акыркы коңгуроо" салтанаты быйыл экинчи ирет онлайн уюштурулуп жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG