Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:19

"Кыргызалтын" 29 млн. доллар мыйзамсыз которулганын төгүндөдү


Алтын куйма.
Алтын куйма.

"Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасы "Центерра Голд" компаниясынын "төлөм жолдомосун жасалма ишке ашырып, 29 миллион АКШ долларын мыйзамсыз банкка которгон" деген маалыматын төгүндөдү.

"Кыргызалтын" тараткан билдирүүдө "12-майда жасалма документтер менен ишке ашты" делген төлөм жана "алтын операциясы" тууралуу кабарлар ишенимсиз деп айтылат.

"Ошол күнү жана андан кийин "Кыргызалтын" эч кандай мыйзамга жат иш-аракеттерди жасаган эмес. Ишкана кадыр-баркын баарынан жогору коюп, өлкө мыйзамдарынан тыш иш аракеттерди аткарбайт. 17-майда Жогорку Кеңеш "Кумтөр Голд Компания" ишканасын убактылуу сырттан башкаруу чечимин кабыл алды. Ушундан улам 12-майда "Кыргызалтын" алтынга байланыштуу эч кандай каржылык операция аткара алмак эмес жана аткарбайт", - деп айтылат маалыматта.

Бишкектин Октябрь райондук соту 7-майда “Кумтөр Голд” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Центерра Голд” ишканага коюлган доо “таптакыр негизсиз” экенин, убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндөгү мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айтып чыккан.

Кумтөрдү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” ишканасы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген.

16-майда “Центерра Голд” кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG