Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Сузак: эстен танганча сабалган уландын окуясы иликтенип жатат


Милиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.
Милиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт. Кабардагы окуяга тиешеси жок.

Жалал-Абаддын Сузак районунда 17 жаштагы жигиттин эстен танганча сабалышынын чоо-жайын милиция иликтеп-териштирип жатат. Аны токмоктогон деген шек менен төрт өспүрүм кармалып, 23-майда үй камагына алынган.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, жабыркаган жигит 22-майга караган түнү Жалал-Абаддагы клиникалык ооруканага түшкөн. Милици окуяны Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден-соолукка оор зыян келтирүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG