Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Италияда асма жолдогу кырсыкта 14 адам набыт болду


Окуя болгон жердеги сүрөт. 23-май.
Окуя болгон жердеги сүрөт. 23-май.

Италиянын Пьемонт аймагында асма жолдогу кабина кулап, 14 адам өлдү, арасында бир бала бар.

"Евроньюс" кабарлагандай, трагедия 23-майда Миландан 90 километрдей алыс жайгашкан Мажоре көлүнө жакын Стреса-Моттароне деген жерде болду.

2016-жылы ремонттолгон асма жол коронавирустан улам жабык туруп, жакында гана ачылган эле. Инфраструктура министринин маалымдашынча, кабина асма жолдун жогорку чегине жеткенде трос үзүлүп кеткен болушу мүмкүн.

Аталган асма жолдогу станциялардын аралыгы - 20 мүнөт. Эң бийик чокусу 1491 метр. Жергиликтүү туризм адистери окуяны кокустук катары сыпатташууда.

1998-жылдын 3-февралында Италиядагы Чермис тоосундагы эс алуу жайында АКШнын аскердик учагы машыгуу маалында асма жолдун тросун үзүп кеткен. Анда 20 адам көз жумган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG