Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

"Amazon" кыргызстандыктарга соода-сатыкка мүмкүнчүлүк берди


Нью-Йорктогу "Amazon" компаниясынын кампасы.
Нью-Йорктогу "Amazon" компаниясынын кампасы.

АКШнын эң ири интернет базары болгон "Amazon" компаниясы Кыргызстанда товар өндүргөндөр үчүн соода мүмкүнчүлүгүн ачты.

Мындан ары каалоочулар аталган компаниянын онлайн порталына катталуу менен өз товарын эл аралык платформада сата алат.

Кыргызстанга ачылган мүмкүнчүлүк тууралуу "Amazon" интернет сайтындагы өлкөлөрдүн тизмеси жаңырганда белгилүү болду. Борбор Азиядан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан да бул тизмеге кирди.

Буга чейин эң ири интернет базарга кыргызстандыктар катталганы менен өз товарын сатууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондой эле дүйнөлүк базарда сатылган товарды Кыргызстанга жеткирүү кызматы болбой келген.

Эми каалоочулар компаниянын сайтына расмий катталып, банктагы эсеп номурларын да киргизүү менен соода баштай алышат.

"Amazon" - дүйнөдөгү эң ири электрондук базар болуп саналат.

Буга чейин кыргызстандыктар үчүн "Wildberries" онлайн соода платформасы алып-сатууга мүмкүнчүлүк ачкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG