Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:21

Борборго 65 метрлик "Бишкек Тауэр" мунара куруу сунушталды


Мунаранын долбоору.
Мунаранын долбоору.

Бишкек башкы архитектура муниципиалдык ишканасы бийиктиги 65 метрлик мунара куруу идеясын калаа башчылыгына сунуштады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз катчысы Ринат Шамсутдинов "Азаттыкка" кабарлады.

"Биз үлгүсүн даярдап, калаа башчылыгына сунуштадык. Балким бул долбоорго жеке тараптар да кызыкса, эс алуучу жай курулушу мүмкүн".

Мунаранын үлгүсү жөнөкөй архитектуралык ыкма менен чийилген. Башына түндүк орнотулат.

Мунарага кафе, эс алуучу жай сыяктуу объектилерди кошсо болот. Аны баш калаанын түштүк тарабына орнотуу каралган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG