25-майда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр, бийик тоолорго кар жаайт. Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жерлеринде жаан-чачын болот. Түштүк-чыгыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35,
Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 16…18, күндүз 32…34°.