Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Үч шаардагы шайлоо 19-июнга чейин кайра дайындалат


Шайлоо тилкесиндеги маалымат тактасынан тизме окуп турган жаран. Бишкек, 11-апрель, 2021-жыл.
Шайлоо тилкесиндеги маалымат тактасынан тизме окуп турган жаран. Бишкек, 11-апрель, 2021-жыл.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо 19-июнга чейин кайра дайындалып бүтүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди.

Аталган үч шаарда 11-апрелдеги добуш берүүнүн жыйынтыгы административдик ресурс, добуш сатып алуу маселелеринен улам жокко чыгарылган.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президент Садыр Жапаров добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин 30 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындашы керек. Датасы такталган соң БШК шайлоону 40 күндүн ичинде өткөрөт.

Буга чейинки шайлоонун жыйынтыктары Токмокто 3-майда, Ошто 11-майда, Бишкекте 19-майда жокко чыгарылган. Мыйзамга ылайык, эми кезектеги добуш берүү Токмокто 3-июнга чейин, Ошто 11-июнга чейин, Бишкекте 19-июнга чейин дайындалышы кажет.

Шаардык кеңештерге шайлоо партиялык тизме менен болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG