Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

"Eurovision" сынагын уткан ырчы баңгизат аныктаган тесттен өтөт


"Måneskin" тобунун Давид Дамиано (солдон экинчи) баштаган мүчөлөрү, Роттердам, 22-май 2021-жыл.
"Måneskin" тобунун Давид Дамиано (солдон экинчи) баштаган мүчөлөрү, Роттердам, 22-май 2021-жыл.

"Eurovision-2021" (Еврокароо) обондуу ырлар сынагын жеңип алган италиялык "Måneskin" тобунун башкы солисти Давид Дамиано дүйшөмбү күнү өз эрки менен баңгизатты аныктаган тесттен өтөт. Бул тууралуу сынакты уюштурган Европалык телерадиоберүү биримдиги 23-майда билдирди.

Буга ырчынын 22-майда сынак жүрүп жаткан маалда кокаин жыттаганы тууралуу айың кептер себеп болду.

Давид Дамиано да "ушак-айыңдарды токтотууну көздөп жатканын" Нидерланддын Роттердам шаарынан Римге учуп келгенден кийин журналисттерге айтты.

Сынак жыйынтыкталгандан көп өтпөй Давид Дамианонун ырчылар отурган жайда үстөлгө башын жөлөгөндөй, эңкейип турган видеосу Интернетке тарап кеткен болчу.

"Eurovision-2021" ыр сынагында"Måneskin" тобу "Zitti e buoni" деген ыры менен биринчи орунду алган. Экинчи орунду франциялык, үчүнчүнү швейцариялык ырчылар ээлешти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG