Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:42

Eurovision-2021: Италия жеңди


"Måneskin" тобу рок жанрында аткарылган "Zitti e buoni" ыр менен катышты.
"Måneskin" тобу рок жанрында аткарылган "Zitti e buoni" ыр менен катышты.

Eurovision-2021 обондуу ырлар сынагында италиялык "Måneskin" тобу утту

Эл аралык популярдуу ыр таймашынын финалы 22-майда Нидерланддардын Роттердам шаарында болду. Бул ирет 39 мамлекеттин ырчылары катышып, алардын 26сы финалда күч сынашты.

Италиялык музыканттардын "Zitti e buoni" деген ыры адегенде калыстардын тандоосунда төртүнчү орунду ээлеген. Элдик добуш берүүнүн жыйынтыгында биринчи тепкичке чыкты.

Ал эми калыстардын тандоосунда биринчиликти алган швейцариялык ырчы Gjon’s Tears элдик добуш берүүдө үчүнчү орунга түшүп калды.

Экинчи орунду Франциядан Барбара Прави алды.

Калыстар тобу берген упайлардын жыйынтыгы.
Калыстар тобу берген упайлардын жыйынтыгы.

Биринчи орунга татыктуу деп табылган италиялык "Måneskin" тобу аткарган "Zitti e buoni" ыры 2016-жылы жазылган. Алгач баллада катары даярдалган чыгарма кийин рок жанрына ылайыкташтырылган. Ырдын маңызы - мүнөзү көпчүлүктөн өзгөчөлөнүп турган кишилер тууралуу. Ага тартылган клип 2021-жылдын 3-мартында көрөрмандарга сунушталган.

Италиялык топ башынан эле букмекерлердин фавориттердин катарында болуп, алар жеңүүчү болорун божомолдошкон.

Элдик добуш берүүдөгү жыйынтык.
Элдик добуш берүүдөгү жыйынтык.

Улуу Британиянын намысын коргогон Жеймс Ньюман калыстардын да, көрөрмандардын да купулуна толбоду. Ырчыга бир да упай ыйгарылган жок.

Калыстардын колдоосуна татыган швейцариялык жана франциялык ырчылар да буга чейин фавориттердин сап башында болушкан.

Дестини Чукуньере (агыш кийимде) сынакта ырдап турган кези.
Дестини Чукуньере (агыш кийимде) сынакта ырдап турган кези.

Көрөрмандар жана букмекерлик кеңселер сынакта алдыңкы орунду алат деп ишенимдүү айтып келген ырчылардын бири Мальтадан катышкан Дестини Чукуньере 7-орунга ээ болду.

Орусиянын намысын коргогон тажик тектүү Манижанын "Russian woman" деген ыры 9-орунду алды. Ал Орусиянын атынан эл аралык сынакка бара турганы белгилүү болору менен ксенофобиялык айыптоолорго дуушар болгон. Аны улуту, ЛГБТ өкүлдөрүн, феминизмди колдогону үчүн айыптап, атургай өз ыры менен «орус аялдарынын беделине шек келтирип жатат» деп айтып чыгышкан.

Манижа (кызыл кийимчен) сынактын финалында ырдап бүткөн учуру.
Манижа (кызыл кийимчен) сынактын финалында ырдап бүткөн учуру.

Исландиянын "Daði og Gagnamagnið" тобу сынакка түз катышкан жок. Музыканттардын биринен коронавирус чыккандыктан, алардын ыры алдын ала жаздырылып көрүүчүлөргө сунушталды. Топтун мүчөлөрү башка катышуучулардай жалпы залдагы "жашыл бөлмөдө" отурбай, атайын даярдалган жерде аралыктан видео аркылуу кошулушту. "10 years" деген ыр менен таймашка келген исландиялыктар жарым финалда деле ушул ыкмада күч сынашып, финалга чыгышкан. Жыйынтыгында төртүнчү орунду камсыздашты.

Исландиянын "Daði og Gagnamagnið" тобу.
Исландиянын "Daði og Gagnamagnið" тобу.

"Eurovision" сынагы - 1956-жылдан бери уюштурулуп келаткан шоу. Быйыл мааракелик - 65-айлампасы өттү. 2019-жылы Израилде болуп, Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңген. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Италия бул сынакта 1964 жана 1990-жылдары уткан.

"Eurovision-2021" сынагынын финалы.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин (EBU) түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат.

Бул жылы Беларустун атынан таймашка аттанган “Galasy ZMesta” тобунун ыр эрежеге дал келбегендиктен, сынактан четтетилген. Топтун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры Александр Лукашенкону мактап-жактаган саптары жана "Сага күү ыргагына ылайык бийлөөнү үйрөтөм, Сага кайырмактагы жемди алууну үйрөтөм" деген сыяктуу сөздөрдү колдонгондугу үчүн уюштуруучулардын купулуна толгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG