Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Европа лидерлери Беларус бийлигине санкцияны күчөтүүгө үндөп жатышат


Журналист Роман Протасевич 2017-жылдын март айында нааразылык акциясын чагылдырып жүргөн кезде кармалган учур.

Евробиримдиктин лидерлери Беларус бийлигинин Грекиядан Литвага бараткан "Ryanair" авиакомпаниясынын учагын мажбурлап Минскке кондурганын жана борттогу беларус журналисти Роман Протасевичти камакка алганын кескин айыпташууда.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен уюмдун мүчөлөрүн Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун режимине каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды.

"Беларус режиминин мыйзамсыз жана кыжырды келтире турган аракетинин кесепети болот. "Ryanair" учагын башка жакка айдап кетүүгө жооптуу адамдарга санкция киргизилиши керек", - деп жазды Ляйен "Твиттердеги" барагына.

Литванын президенти Гитанас Науседа Беларус бийлигинин журналист Протасевичти камакка алганын "мурда болуп көрбөгөн окуя", "мамлекет колдогон террордук акт" деп мүнөздөдү. Ал бул маселе Еврошаркеттин 24-майдагы саммитинде талкуулана турганын билдирди.

Польшанын премьер-министр Матеуш Моравецкий Европа кеңешин Беларуска чукул санкция киргизүү маселесин талкуулоого чакырды. Франциянын Тышкы иштер министрлиги Евробиримдик бул окуяга чогуу жооп кайтарышы керек экенин айтты.

23-майда "Ryanair" авиакомпаниясынын Афина-Вильнюс аба каттамы боюнча учуп бараткан жүргүнчүлөр учагы “бомба бар” деген шылтоо менен Минскинин аба майданына кондурулган. Натыйжада борттогу журналист, блогер Роман Протасевич жана анын сүйлөшкөн кызы камакка алынган. Беларустун мамлекеттик маалымат каражаттары учакты кондуруу буйругун Александр Лукашенко өзү бергенин жазган.

Литвада баш калкалап жүргөн журналист Протасевич Беларустагы ири демонстрацияларда маанилүү роль ойногон "Nexta" телеграм-каналынын мурдагы редактору болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG