Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:48

Минск Литвага бараткан учакты мажбурлап кондурду


Роман Протасевич.
Роман Протасевич.

"Ryanair" авиакомпаниясынын Афина-Вильнюс аба каттамы боюнча учуп бараткан жүргүнчүлөр учагы “бомба бар” деген шылтоо менен Минскинин аба майданына кондурулду. Андан кийин текшерүү жүрүп бирок жардыруучу зат табылган эмес.

Жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда аталган борт менен Литвага бараткан беларус журналисти жана блогери Роман Протасевич кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлады.

Александр Лукашенконун басма сөз кызматы учакты Минскиде кондуруу буйругун президент өзү бергенин маалымдаганын “Пул-Первого” телеграм-каналы жазып чыкты.

Лукашенконун буйругу менен "МиГ-29" учагы абага көтөрүлүп, Беларустун аба мейкиндиги аркылуу учуп өтүп, Литванын чек арасына жетейин деп калган жүргүнчүлөр учагын Минскиге конууга мажбурлаган.

“Азаттыктын” беларус кызматы ырастагандай, экипаж учактын багыты өзгөргөнүн жүргүнчүлөргө эскерткен эмес. Беларус бийлиги учактын күчтөп кондурулушун расмий түрдө Протасевичти кармоого байланыштырган жок.

Беларустун оппозиция лидери Светлана Тихоновская бийликтин журналистти бошотууну талап кылып, аба транспортунун эл аралык бирлигине өлкөнүн аба мейкиндиги аркылуу учуп өтүп бараткан учакты мажбурлап кондурган окуяны иликтөөгө чакырды.

Тихановская "мындай аракеттер Беларустун үстүнөн учуп бараткан учактардын коопсуздугуна коркунуч туудургандыктан ага эл аралык реакция керек" экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG