Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Газа тилкеси: Качкындар үйлөрүнө кайта баштады 


Газа тилкеси
Газа тилкеси

Палестин администрациясынын өкүлү согуштук аракеттер учурунда жабылган мамлекеттик жана социалдык кеңселер ок атышуу токтогондон кийин ачыла баштаганын билдирди.

Израил анын аба соккулары ХАМАСтын Газадагы аскерий түзүмдөрүн жок кылууга гана багытталганын билдирген. Бирок азыр белгилүү болгондой, эки миллион адам жашаган Газада көп кабаттуу үйлөр талкаланып, медициналык жана социалдык мекемелер кыйраган.

11 күндүк согушта 250дөн ашуун адам каза болду. Алардын көпчүлүгү - палестиналыктар. Израил ракеталык аткылоодон 12 адам каза тапканын ырастады.

ХАМАС менен Израилдин ортосунда ок атышуу 21-майда токтогон.

Египеттик арачылар душмандашкан тараптарды узак мөөнөттүү тынчтык келишимин түзүүгө көндүрүүдө.

Качкындар үйлөрүнө кайтып жатканы кабарланды. Израил өткөрмө бекеттерин ачары менен БУУ баштаган эл аралык уюмдардын гуманитардык жардамы Газа аймагына киргизиле баштады. Дары-дармек, азык-түлүк, кийим-кече жана күйүүчү май жеткирилип жатканы кабарланды.

ЮНИСЕФ Газа тилкесинен кеминде 100 миңден ашуун адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болсо, учурда 800 миңге чукул киши таза сууга муктаж экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG