Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Журналист Каниметовдун тергөөчүгө каршы арызын сот канааттандырды


Канат Каниметов.
Канат Каниметов.

Журналист Канат Каниметовдун Бишкектин Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү тууралуу арызы канааттандырылды. Иш 24-майда аталган райондук сотто каралганын журналист "Азаттыкка" билдирип, сот чечиминин нускасын жөнөттү.

Журналисттин адвокаты, “Медиа Полиси Институту” уюмунун юристи Нурбек Сыдыков 14-майда журналистке карата жүрүп жаткан териштирүү негизсиз экени тууралуу үч пункттан турган билдирүү тараткан.

Ички иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Чүй облустук милициясы Каниметовго карата “майда ээнбаштык” деген берене менен иш козголгонун кабарлаган.

Соттун чечиминде тергөөчүнүн кадамы мыйзамсыз экени жана Конституцияга каршы келери жазылган.

Каниметов боюнча материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 23-мартта “Жоруктар жөнүндө” кодекстин 119-беренеси ("Майда ээнбаштык") менен катталган. Буга журналист 3-февралда "Фейсбуктагы" баракчасына блогер Юлия Барабинанын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнүнө байланыштуу бийликти сындап жазганы себеп болгон. Сотко чейинки териштирүү 30-мартта башталган, маалыматты журналга каттоого Каниметовдун жазганы “өлкөнүн коомдук-саясий абалын начарлатышы мүмкүн” деген жүйөө негиз болгону көрсөтүлгөн.

Каниметов өзү 7-майда анын Балыкчыдагы үйүнө милиционерлер издеп барганын "Фейсбукка" жазган жана муну бийликке сын такпоо үчүн басым катары баалаган.

Журналист "Апрель" телеканалында иштейт. Бул канал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык экени айтылып келет. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG