Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

AI беларус бийлигин студенттерди куугунтуктаганы үчүн айыптады


Минскидеги бийликке каршы жүрүш, 16-август 2020-жыл.
Минскидеги бийликке каршы жүрүш, 16-август 2020-жыл.

"Amnesty International" (AI) эл аралык укук коргоо уюму Беларуста студенттер куугунтукталып жатканын билдирди. Уюмдун жаңы баяндамасында Беларуста Александр Лукашенконун режимине каршы тынч жүрүштөргө чыккан студенттердин айрымдары камакка алынып, бир бөлүгү окуудан куулганы айтылат.

"27-октябрда Александр Лукашенко университеттерди бул студенттерди окуудан чыгарып жиберүүгө чакырган. Аны улай университеттер студенттердин жоон тобуна каршы дал ушул кадамга барышты", - деп билдирди эл аралык уюмдун Беларус боюнча улук изилдөөчүсү Айша Жанг.

Натыйжада "Amnesty International" Беларус бийлигин студенттерге, окутуучуларга жана тынч демонстранттарга каршы куугунтугун тез арада токтотууга чакырды.

Беларустун студенттер биримдигинин маалыматына ылайык, Лукашенконун бийлигине каршы акцияларда кеминде 466 студент кармалган. Алардын көбү административдик жазага кабылса, бери дегенде 153 студент окуу жайдан чыгарылган. Ал эми 42 студент кылмыш жоопкерчилигине тартылып, алтоо абакка кесилген.

Беларус былтыр 9-августта өткөн талаштуу шайлоодон бери тынчыбай жатат. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы бул шайлоону Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган. Бирок оппозициянын талапкери Светлана Тихановская жана анын он миңдеген тарапкерлери шайлоо олуттуу бурмалоолор менен коштолгонун билдирип келишет. Евробиримдик да Лукашенконун жеңишин тааныган эмес.

23-майда Лукашенконун оппозициячыл журналист Роман Протасевичти камакка алуу үчүн Грекиядан Литвага бараткан учакты Минскиге мажбурлап кондурганы эл аралык коомчулуктун сынына кабылды.

XS
SM
MD
LG