Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:29

Гуттериш дүйнө COVID-19га каршы “согуш абалында” турганын эскертти


БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнө COVID-19 илдетине каршы “согуш абалында” турганын билдирип, вакциналарды тегиз бөлүштүрүүгө чакырды.

Ал 24-майда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жылдык ассамблеясына кайрылуу сөзүндө пандемия 3,4 миллиондон ашуун кишинин өмүрүн жалмаганын, 500 миллиондой иш оруну жоюлганын белгиледи. Ошондой эле пандемияны жеңип чыгуу үчүн "согуш абалындагы экономиканын логикасы жана ылдамдыгы керек" экенин айтты.

"Биз азыр аракет көрбөсөк, бай мамлекеттер элинин басымдуу бөлүгүн эмдеп, экономикалары жандана баштайт. Ал маалда вирус кедей өлкөлөргө жайылып, мутацияланып, элдин азап чегүүсү улана берет", - деди Гуттериш.

ДССУ вакциналарды бөлүшүү үчүн COVAX программасын түзгөнү менен каражаттын тартыштыгынан жакыр өлкөлөрдү препараттар менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап жатат.

Азыркы тушта эң жакыр өлкөлөрдө калктын 0,3 проценти гана эмделди. Бул өлкөлөрдө жашаган элдин жалпы саны дүйнө калкынын 10 пайызын түзөт.

Өткөн аптада Гутерриш "Чоң жыйырманын" мүчөлөрүн эпидемияны жеңүү үчүн вакцина чыгарууга кудурети бар бардык өлкөлөрдүн башын бириктирген топ түзүүгө үндөгөн.

Гутерриштин кайрылуусу АКШ менен Европада инфекциялангандар азайып, акырындык менен чектөөлөр алынган маалга туш келди. Бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Индияда коронавирус ооздукталбай жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG