Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Ош: сот адам уурдоого шек саналган жаранды үй камагына чыгарды


Кызыл-Кыяда 17 жаштагы кызды уурдоого шек саналган жаран үй камагына бошотулду. Мындай чечимди Ош шаардык соту 23-майда чыгарды.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы шектүүгө карата мыйзам жүзүндө чара колдонулганын, ал кийинки отурумдарга келип турууга милдеттендирилгенин "Азаттыкка" билдирди.

Кызыл-Кыяда милиция адам уурдоого шек саналган 28 жаштагы жаранды 21-майда убактылуу кармоочу жайга киргизген эле. Алгач 17 жаштагы кызды уурдап, зордуктаган деп айыпталган. Кийинчерээк зордуктоо тууралуу айыптоо тергөө материалынан алып салынып, сотко адам уурдоо фактысына байланыштуу иш өткөрүлгөн.

Уурдалганы айтылган кыздын жагдайы тууралуу маалымат берилген жок.

Кыргызстандын Жазык кодексинин 170-беренеси ("Адам уурдоо") менен айыпталгандар беш жылдан жети жылга чейин камалат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG