Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Орусияда каза болгон кыргызстандыктын өлүмү иликтенет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында иштеп жүргөн 31 жаштагы Д.Э. аттуу кыргызстандык жаран 22-майда бийиктиктен кулап кетип, каза болгон. Учурда өлүмдүн жагдайлары иликтенип жатат. Анын сөөгү мекенине жеткирилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

“Сөөктү алып кетүүгө уруксат берилип, 25-майда Санкт-Петербург – Ош аба каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт. Ага кеткен чыгымдарды жабуу үчүн кенемте алууга маркумдун жакындарына кеп-кеңештер берилди”, -деп айтылат билдирүүдө.

Чет өлкөдө иштеген кыргызстандыктардын арасында каза болгондордун саны жыл сайын 300гө чамалайт.

Бейрасмий маалымат боюнча, азыр бир миллиондой кыргызстандык чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүрөт, алардын көбү Орусияда. 2018-жылдан бери өкмөт сырттан “Жүк-200дү” алып келүүгө 50 миң сом бөлүп берүүдө.

Орусияда каза болгон мигранттын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн 100 миң сом, Европа өлкөлөрүнөн 300 миң сом (болжол менен 3000 евро) талап кылынат. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG