Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Баткендеги жаңжалда жоголгон жеке документтердин 70% калыбына келтирилди


Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн үйлөрдүн бири.
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда өрттөлгөн үйлөрдүн бири.

Мамлекеттик каттоо кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жарандардын жоголгон жана өрттөлгөн документтеринин 70 пайызын калыбына келтирди. Бул тууралуу 24-майда мекемеден кабарлашты.

Анын ичинен: 79 даана eID-паспорт, 14 жалпы жарандык паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн 60 даана жана нике тууралуу 8 күбөлүк кайра даярдалып, ээлерине тапшырылды. Мындан тышкары өлгөндүгүн тастыктаган 8 күбөлүк, 19 айдоочунун күбөлүгү кайра жасалды.

Маалыматка караганда, баткендиктерден документтерин калыбына келтирүү тууралуу 197 арыз түшкөн. Учурда анын 136сы даяр болду.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы коогада жоголгон жана өрттөлүп кеткен документтерди акысыз даярдап берерин билдирген.

28-29-30-апрель жана 1-май күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 200дөй киши жараат алды. 100дөн ашык үй өрттөлүп, талкаланды. 50 миңден көп киши үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Жаңжалда тажик тараптан 19 адам набыт болду. Эки өлкө бул үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG