Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Кылмыш иши козголгон Максатбек Токтомушев Москвага барды


Максатбек Токтомушев.
Максатбек Токтомушев.

Кылмыш иши козголуп, “эч кайда чыкпоо” тилкаты менен камактан бошотулган мурдагы муфтий Максат Токтомушев Москвада жүргөнү тууралуу видео-сүрөттөр Интернетке жарыяланды.

24-май күнү “Инстаграмдагы” Maksatbek_ajy деген баракчага ал Москвага диний жөрөлгөлөрдүн бири – Мавлид майрамын белгилегени барганы тууралуу маалымат чыгып, видео менен кошо жарыяланды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) 23-майда Москвадагы «Kpoкyc Сити Холл» залында «Өмүрдүн баалуулугу» аттуу Мавлид кечеси уюштурулганын маалымдаган. Башкармалык ага муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Медер Карабаев, дин аалымдары Абдишүкүр ажы Нарматов, Максатбек ажы Токтомушев жана башкалар барганын жазган.

“Азаттык” Токтомушевдин өзү менен байланыша алган жок. Анын укугун коргоп жүргөн юрист, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Акин Токталиев экс-муфтийдин Москвага сапары тууралуу маалыматы жоктугун билдирип, тергөөчүнүн уруксаты менен өлкөдөн чыккан болушу мүмкүндүгүн айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы мурдагы муфтий кандай шартта кеткенин тактап, анан жооп берилерин маалымдады.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы каржы чырына байланыштуу УКМК ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушевди 10-февралда кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-февралга караган түнү анын бөгөт чарасын карап, жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

Бул окуялардан улам Токтомушев кызматтан өз эрки менен кеткен.

УКМК анын аты аталган кылмыш иши тергелип жатканы же токтотулганы тууралуу маалымат тарата элек.

Мурдараак экс-муфтийдин Жалал-Абадга барганы тууралуу сүрөт чыккан, 23-майда Москвага бара жатканы жөнүндө да "Инстаграмда" маалымдалган.

XS
SM
MD
LG