Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Сот бийлигинин ишин жөнгө салган мыйзам долбоорлору талкууга коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сот бийлигине байланыштуу “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” беш мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай бул документтер иштеп жаткан мыйзамдарды 11-апрелде референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык келтирүү үчүн даярдалды.

Президенттин сайтында жазылгандай мыйзам долбоорлору Юстиция министрлигине, Жогорку сотко, Конституциялык палатага, Судьялар кеңешине экспертизага жиберилип, алардын корутундусунун негизинде иштелип чыкты.

Документтер президенттин демилгеси катары Жогорку Кеңешке сунушталат. Президент Садыр Жапаров 5-майда кол койгон жаңы Конституцияга ылайык, Конституциялык палата жоюлуп, Конституциялык сот түзүлөт. Иштеп жаткан Баш мыйзам боюнча өлкө башчы мыйзам долбоорун демилге кылуу укугун алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG