Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

“Баткенге жардам” эсебине элден 100 млн. сомдой чогулду


Чек ара жаңжалында өрттөлгөн үйлөрдүн бири.
Чек ара жаңжалында өрттөлгөн үйлөрдүн бири.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга көмөктөшүү максатында ачылган атайын эсепке 100 миллион сомго жакын каражат чогулду.

Экономика жана финансы министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, чогулган акчанын 96,5 миллион сому өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү ачкан атайын эсепке түшкөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 2,8 миллион сом чогулду. Бул каражатты ыктыярчы жарандар, уюмдар берип жатат. Мындан тышкары бир катар мекемелер бир күндүк айлыгын которгонун айтышкан. Мекеменин маалыматына караганда бул акча которула элек.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзүлүп, облуста президенттин атайын өкүлү дайындалды.

Ушул күндөрү жаңжалдан курман болгон 36 жарандын үй-бүлөсүнө үй салынып жатат.

28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, 180ден ашуун адам жаракат алды. 100дөн ашык турак жай, имараттар талкаланып, өрттөлдү.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алды.

Эки өлкөнүн Башкы прокуратуралары кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG