Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргызстанда үч апта катары менен доллар арзандап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда үчүнчү апта катары менен доллар арзандап жатат. Valuta.kg порталынын 25-майдагы маалыматына караганда, АКШ валютасы бир күндө 10 тыйынга арзандап, акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар - 83,35 сом деп бааланууда.

Ал эми Улуттук банктын расмий эсебинде 1 АКШ доллары 83,62 сомго теңелип, 0,18% төмөндөгөн.

25-майдагы расмий валюта курсу. Улуттук банктын nbkr.kg сайтындагы маалымат.
25-майдагы расмий валюта курсу. Улуттук банктын nbkr.kg сайтындагы маалымат.

2020-жылы доллар кескин кымбаттап, 69 сомдон 85 сомго чейин жеткен. Жыл соңунда 82 сомго чейин түшүп, 2021-жылдын январында кайра 84,90 сомго өскөн.

19-майда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов доллардын куну мезгилдик көрсөткүчкө жараша арзандап жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG