Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Доллардын арзандап жаткан себептери айтылды


Кыргызстан - Бишкек - акча алмаштыруу, доллар, сом, Моссовет
Кыргызстан - Бишкек - акча алмаштыруу, доллар, сом, Моссовет

Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 84 сомдон ылдый сатылып, алынып жатат. Бул акыркы беш айдан бери эң төмөнкү көрсөткүч.

Бирок, Улуттук банктын расмий сайтында курс 84,2 сом бойдон турат.

Жогорку Кеңеште доллардын курсунун арзандап жатканы тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго суроо берилди.

“Доллардын курсунун арзандашынын бир нече себеби бар. Биринчиден, мамлекетибизде күзүндө жана жазында долларга талап өсүп кетет. Биздин ишкерлер тыштан товарлар сатып алып, кампасын толтурат. Бул учурда Улуттук банк интервенция жасап, курстун кескин өсүп кетпеши үчүн чара көрөт. Мындан тышкары акча которуулар деген тышкы факторлор бар. Ал дагы мезгил-мезгили менен болуп турат. Ошондой эле жайында чет элдин валютасы менен келген туристтердин саны көбөйөт. Экспорт көбөйсө дагы өлкөгө чет элдин валютасы кирет. Ушул факторлор сомдун курсуна таасир этет”, - деди Абдыгулов.

2021-жылдын 1-январынан бери Улуттук банк алты жолу валюталык интервенция жасаган. Беш айда каржы базарына жалпы 270 млн сом сатыкка чыгарды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG