Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:40

"Центерра Голддун" акцияларынын баасы жогорулай баштады


Кыргызстан - Кумтөр, 2017-ж.
Кыргызстан - Кумтөр, 2017-ж.

Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" ("Centerra Gold Inc) компаниясынын Торонто биржасындагы акциясы көтөрүлө баштады. Бирок, мурдагы калыбына келе элек.

18-майдын жыйынтыгы менен наркы 9,36 пайызды түздү. Бир жума мурун 10-майда 8,98 пайыз болчу.

"Центерра Голддун" акциялары Кумтөрдүн айланасындагы окуялар курчуганы 7-майда кескин түшүп, 11,98 пайыздан 8,39 пайызга ылдыйлаган.

Буга чейин аталган компания "Кыргызалтындын" акцияларын башкаруу укугун чектегени тууралуу маалымат тараткан. Ага ылайык “Кыргызалтын” Кумтөрдөгү 26% акциясын башка тараптарга өткөрүп бере албайт жана алмашууга тыюу салынат. Ошондой эле акцияга байланышкан добуш берүү укугу чектелет. Компания мындай чечимди Кумтөр кенинин айланасындагы соңку окуяларга байланыштуу кабыл алганын билдирген.

Аталган компаниянын билдиришинче, акциялар тууралуу чечимдер "Кыргызалтын" менен "Центерра Голддун" 2009-жылдагы келишиминде каралган. Анда кыргыз тарап акцияларын башкаруу мөөнөтүн азыр узарта албастыгы жазылган.

Кыргызстан өлкөдөгү эң ири алтын кени Кумтөргө тыштан башкаруу киргизди. Убактылуу тышкы башкаруу, эгер зарыл болсо дагы үч айга узартылышы мүмкүн.

Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирген.

Кыргызстандын "Центерра Голддогу" үлүшү 26 пайызды түзөт. (MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG