Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Чоң-Алай: кыргыз-тажик чек ара тозотторунун башчылары жолукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде, Ош облусунун Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагы чектешкен жердеги 18-майдагы окуя боюнча эки өлкөнүн чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу 19-майда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Мекеме интернетте «Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка тажик аскерлери техникасы менен кирип келди» деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Район акими Өскөн Мамажакыповдун айтымында, Унжу-Булак жана Караганды-Сай жайыттарына өтүп кеткен мал-жандыкты чек арачылар кыйынчылыксыз кайтарууда:

«Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймакта 1010 гектар такталбаган жайыт бар. 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча алардын картасында экен. Бирок биздин жарандар эле иштетип жүргөн. Демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлө электигинен мурда алардын чек арачылары алыстан көзөмөлдөп турса, учурда аймактын өзүнө кирип көзөмөлгө алып алышкан. Ошондуктан калк арасында туура эмес маалымат чыгып кетти. Эки тараптын чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу боюнча сүйлөшүлдү».

Бул маселе 19-майда Жогорку Кеңештин отурумунда да көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы маалымат беришин талап кылышты.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган. Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды.

28-29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий айтылды. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошту. (MrA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG