Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Депутаттар Чоң-Алайдагы чек ара тууралуу маалымат талап кылышты


Чоң-Алай.
Чоң-Алай.

Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттар Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу Министрлер кабинети маалымат беришин талап кылышты.

“Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тарап окоп казып, отуруп атат деп кооптонуп телефон чалып жатышат. Азыр Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду, Чек ара кызматынын башчысын чакырып маалымат укпайлыбы”, - деди депутат Аккулу Бердиев.

Депутат Бурун Аманова дагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу чек ара кызматынын маалымат берүүсүн талап кылды.

Чек ара кызматы Чоң-Алайдагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу кийинчерээк маалымат бериле тургандыгын билдирди.

28-29-30-апрелде жана 1-майда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда жалпы 136 үй кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураган. Анын ичинен 93 үй Лейлек, 43 жеке турак жай Баткен районунда. Аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгону кабарланды.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий түрдө жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.(МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG