Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

COVID-19: Дагы жети адам каза болду, 253 бейтап жаңы катталды


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 19-майдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен жети адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкекте, үчөө Чүйдө, бирөө Таласта жана дагы бирөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 1725 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 253 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (120) жана Чүй облусунда (84).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 101 209 адамга жетти.

Бир күндө 315 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1569 адам жатат, дагы 2427 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4558 адамга жетти, алардын 4497си айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG