Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

“Коопсуз шаар”: айып пулду азайтууну ЖК комитети биринчи окууда колдоду


"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.
"Коопсуз шаар" долбоорунун Бишкек шаарындагы камералары.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети жол эрежесин бузган айдоочуларга салынган айып пулга байланыштуу Министрлер кабинети сунуштаган мыйзам долбоорун 25-майда биринчи окууда кабыл алды.

Ага ылайык, Бузуулар кодексиндеги эки берене өзгөрүп, айрым эреже бузууларга айып пул азаят.

123-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу”) 1-бөлүмү (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20 км/сааттан көп эмес ашуусу”).

1231-берененин (“Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу”) 1-бөлүмү ("Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо").

Ушул тапта бул эки беренени бузган айдоочуга 1000 сомго чейин айып пул салынат. Эгер айып пул 15 күндүн ичинде төлөнсө анын өлчөмү 50% арзандайт. Ал эми Министрлер кабинети сунуштаган долбоор колдоо тапса айып пулдун суммасы өзгөрбөйт, бирок 15 күндүн ичинде төлөсө 70% кыскарып, 300 сом төлөө каралган.

“Коопсуз шаар” долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айып салына баштаган.

Долбоордун экинчи этабын ишке ашырууну 2019-жылы кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы утуп алган. Бирок, пандемиядан улам долбоор кечеңдегенине байланыштуу деп, 2020-жылдын аягында келишимдин мөөнөтү 2021-жылдын 18-июнуна чейин узартылган. Компания бул аралыкта да иштерди толук баштаган эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG