Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

“Бир дүйнө - Кыргызстан”: июнь коогасын тергөөдө кемсинтүү болгон


Коогадан соң тартылган сүрөт. 14-июнь, 2014-жыл.
Коогадан соң тартылган сүрөт. 14-июнь, 2014-жыл.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” адам укугун коргоо уюму июнь коогасынын 11 жылдыгына карата коомчулукка кайрылуу таратты. Анда 2010-жылкы кандуу калабанын эпкини көп жылга чейин сакталып турганы, бейпилдикти сактоого ар бир адам салым кошууга милдеттүү экенин эл түшүнгөнү белгиленген.

Уюм коогага байланыштуу тергөөлөрдө улуттук жана эл аралык укуктук эрежелер сакталбаган учурлар болгонун кошумчалаган. Күч органдары суракка чакырылгандарды кемсинтип, кыйноо ыкмасын колдонгону, бирок ал кыйноолор боюнча убагында натыйжалуу иликтөө жүрбөгөнү айтылат. Уюмдун адистери айрымдар кыйноодон улам күнөөнү мойнуна алган деп эсептейт.

Саясий куугунтук менен адам укуктары бузулган учурлар Азимжан Аскаровдун абакта көз жумган мисалында айтылган.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” өлкөдө адамдын эркиндиги жана укуктары мындан ары сакталарына үмүт артып, мыйзамдуулукка көңүл бурууну сурады.

Расмий эсеп боюнча 2010-жылдагы Ош жана Жалал-Абаддагы июнь коогасында 446 адам каза таап, 2 миңге чукул киши жараат алган. Дайынсыз жоголгон 57 адамдын 19у дале дайынсыз. Жапырт башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

11 жыл мурда болгон апааттан кийин ондогон адам камалган. Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52нин бети ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши өткөрүлүп, 55 аскер адамына айып коюлган. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарганы белгилүү.

Быйыл президент Садыр Жапаров июнь окуясын кайра иликтөө боюнча атайын кызматка тапшырма берген.

Коогалаң 2010-жылдын 10-июнунда башталып, үч күнгө созулган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG