Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Июнь коогасына 11 жыл: президент эл аралык коомчулукка алкыш айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Июнь коогасынын 11 жылдыгына карата Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кайрылуу жолдоду.

"Андай апаат, бир тууган элдерди кырды бычак түшүргөн андай каргаша экинчи кайталанбасын деп тилек кылабыз. Сабырдуулукка үндөгөн, жабыр тарткандарга кол сунуп, жардам берген акылман жана айкөл элибизге өзгөчө алкыш айткым келет. Бизге ар тараптан колдоо көрсөткөн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу ыраазычылык билдирем",- деп жазылды президенттин сайтындагы кайрылууда.

2010-жылы Ошто жана Жалал-Абадда 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган июнь коогасына 11 жыл болду.

Расмий маалыматка таянсак, 10 июнда башталып, үч күн уланган каргашалуу окуяда 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай жараат алган. 57 киши дайынсыз жоголуп, алардын 19у табыла элек. Массалык башаламандыкка байланыштуу 100дөн ашуун адамга издөө жарыяланган.

Калабада жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстанга кол сунган.

Быйыл президент Садыр Жапаров июнь окуясын кайра иликтөө боюнча атайын кызматка тапшырма берген.

Оштогу эскерүү иш-чарасы
Оштогу эскерүү иш-чарасы

Калабанын 11 жылдыгына карата Ошто иш-чара өттү. Коога курмандыктарына арналып орнотулган "Энелердин көз жашы" мемориалдык комплекстин жанына жакынын жоготкондор, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана саясатчылар келип, курман болгондорду эскеришти. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG