Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

Касымалиева: Депутаттарды камоо Баш мыйзамга каршы келет


Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева 10-июнда парламент жыйынында соңку учурда парламенттин айрым депутаттарынын кармалышы жаңы кабыл алынган Баш мыйзамга каршы келерин билдирди.

Анын айтымында бул маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери карап чыгат.

“Жаңы Баш мыйзамдын 78-беренесинде депутаттардын кол тийбестиги күчөтүлгөн. Ал кылмыш жасап жаткан учурунда кармалбаса, анда көпчүлүк депутаттардын макулдугу менен гана аны камоого уруксат берилет. 5-майда жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоо июнда болуп жатат. Ошондуктан бул Баш мыйзамга каршы келет. Башкы прокуратура кармоолор учурда иштеп жаткан кодекстер менен жүрдү деп билдирип жатат. Бирок мындай кырдаалда Баш мыйзам түз иштеши керек”, - деди Касымалиева.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чечими менен 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган.

УКМКнын маалыматына ылайык, депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылган. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG