Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Башкы прокуратура: Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт


Эндрю Качинс
Эндрю Качинс

Борбор Азиядагы Америка университетинин (БААУ) мурдагы президенти Эндрю Качинс Кыргызстандан чыгарылбайт.

Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдап, эгер Качинс АКШга кетүүнү көздөсө, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы аны колго түшүрө турганын эскертти.

Эндрю Качинс Кыргызстандын Жазык кодексинин жана Жоруктар кодексинин баңгизатка байланыштуу бир канча беренелери менен шек саналып жатат. Өзүнө 3-июнда расмий кабарланганын Башкы прокуратура билдирди.

Качинс апрелде милицияга суракка чакырылган. Университеттин жетекчилиги жана окутуучулары муну Качинске карата туура эмес мамиле, чаташкан окуя деп сыпатташкан. Өзү комментарий берген эмес.

Эндрю Качинс Кыргызстандагы ишмердигин аяктап, АКШга кетип жатканы тууралуу 7-июнда окуу жайдын Камкорчулар кеңеши маалымат берген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG