Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:42

ИИМ Эндрю Качинсти суракка чакыруу себебин түшүндүрдү


Эндрю Качинс.
Эндрю Качинс.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Борбор Азиядагы Америкалык университеттин президенти Эндрю Качинс 23-апрелде прекурсор жана баңгизатка байланыштуу шек саналып суракка чакырылды. Эч кайда кетпөө тууралуу тил каттын негизинде бошотулду.

Мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, экспертиза быйыл 12-мартта Качинстин атына Дубайдан келген кутудагы (посылка) таблетка жана капсулаларда психотроптук каражат бар экенин аныктаган.

"Посылканын ичинде документтер бар экени көрсөтүлгөн. Бирок иш жүзүндө сары жана ак түстөгү таблеткалар, көк жана кызыл-агыш түстөгү капсулалар желим баштыктарга оролуп салынган. Алдын ала текшерүүдө таблетка менен капсулалар прекурсор жана баңгизат экени аныкталып, анын чоо-жайы аныкталмайынча мөөр басылган. 12-мартта бул факт бирдиктүү реестрге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш кодексинин 267-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен сотко чейинки иликтөөнү баштаган. Экспертиза бул капсула жана таблеткалардын курамында психотроптук зат бар экенин аныктаган. Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Качинстин үйү, автомашинесинде тинтүү жүргүзүлгөн", - деп жазылган маалыматта.

ИИМдин билдирүүсүндө, таблетка жана капсулалар кошумча экспертизага жиберилип, иликтөө уланууда. Сурактан кийин Эндрю Качинске Кылмыш кодексинин 268-беренеси менен ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатпоо максатында мыйзамсыз даярдоо") шектүү экени тууралуу кабар берилип, тил кат менен бошотулган.

Университеттин бүтүрүүчүлөр менен иштеген бөлүмүнүн жетекчиси Бермет Турсункулова "Твиттердеги" баракчасы аркылуу президент Качинске бул дарыларды дарыгер жазып бергенин билдирди. Ал Качинске колдоо көрсөтөрүн, өткөн аптада өзүнүн акаунту бузулганын айтып, "жийиркеничтүү абал түзүлдү" деген билдирүү калтырган.

Интернетте окуу жайдын Камкордук кеңешинин атынан Дэвид Лахдхирдин студенттер менен кызматкерлерге жолдогон каты да тарады. Анда Эндрю Качинс ИИМге АКШдан жиберилген дары-дармекке байланыштуу чакырылганы белгиленген. Катта бул каражаттарды колдонууга АКШда уруксат бар экени, дарыгер Качинстин оорусунан улам аны колдонууга көрсөтмө бергени жазылган.

Лахдхир дарылар Америкадагы ири дарыканалардын биринен почта аркылуу жиберилгенин, чаташкан окуя үчүн өкүнүчүн билдирген. Бийликке түшүндүрмө берилген соң маселе тез арада чечилет деген ишенимин да айткан.

21-апрелде социалдык тармактарда Эндрю Качинс университет тууралуу терс сүрөттөргө байланыштуу кош бойлуу кызматкерди урушту деген маалымат тараган болчу. Уруштан кийин аялдан кан кетип ооруканага түшкөнү, күйөөсү президенттин үстүнөн окуу жайдын администрациясына даттанганы айтылган.

Эндрю Качинстин өзү комментарий бере элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG