Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:42

БААУнун президенти Эндрю Качинс ИИМде сурак берип чыкты


Борбор Азиядагы Америка университети. Бишкек шаары.
Борбор Азиядагы Америка университети. Бишкек шаары.

Борбор Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс 23-февралда Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына сурак берди.

ИИМдин басма сөз кызматы маалыматты "Азаттыкка" ырастап, Качинс реестрге катталган иштин алкагында суракка чакырылганын билдирди.

Кылмыш ишинин жана сурактын чоо-жайы жөнүндө мындан башка маалымат берилген жок.

Буга чейин социалдык тармактарда Эндрю Качинс университет тууралуу терс сүрөттөргө байланыштуу кош бойлуу кызматкерди урушту деген маалымат тараган. Уруштан кийин аялдан кан кетип ооруканага түшкөнү, күйөөсү Качинстин үстүнөн окуу жайдын администрациясына даттанганы айтылган.

Эндрю Качинстин өзү жана Борбор Азиядагы Америка университети комментарий бере элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG