Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Август, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:31

Кыргызстандагы православдар жана чиркөөнүн миссиясы


Бишкектеги чиркөө.

«Биз жана дин» түрмөгүндө христиан дининин негизги багыттарынын бири, православ ишениминин эң ири бутагы болгон Орус православ чиркөөсү тууралуу кеп кылабыз.

Орус православ чиркөөсүнүн пайда болушуна, анын диний жөрөлгөлөрүнө, дүйнө жүзүнө таралышына жана бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы абалына кайрылып, Ислам дини менен ымала-катышын айтып беребиз.

Эксперт Канатбек Мурзахалилов макаланы бир канча тарыхый булактардагы маалыматтардын негизинде даярдады.

Орус православ чиркөөсүнүн өзгөчөлүктөрү

Православ чиркөөсүнүн ырастоосу боюнча христиан дини башка диндерден айырмаланып, Кудайдын ачылышын (белгисин, аянын) адамдарга жеткирип туруучу дин болуп саналат.

Православ ишениминде Кудайдын үчилтиктиги жөнүндөгү догма маанилүү орунда. Анын маңызы боюнча кудай руханий башат катары үч касиеттен - Кудай ата, Кудай уул, Ыйык рухтан туруп, бирдиктүү Ыйык үчилтикти түзөт.

Православ окуусунда дүйнөнүн жаралышы жана кыяматтын болору, адамдын Кудайга жакпаган күнөө жасаганы анын түпкү табиятындагы жаман сапаты экени догматтарда камтылган.

Православиянын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири - алгачкы жети Дүйнөлүк жыйындарда кабыл алынган догматтардан тышкары бир дагы догма кошумчаланган эмес.

Сыйынуу жөрөлгөлөрүнүн биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 7-январь, 2018-жыл.
Сыйынуу жөрөлгөлөрүнүн биринде тартылган сүрөт. Бишкек, 7-январь, 2018-жыл.

Майрамдар православ ишениминин маанилүү элементтеринин бири болуп, өзгөчө жасалгалуулугу, шаан-шөкөттүүлүгү менен айырмаланат. Алар хор менен аткарыла турган сыйынуулар менен коштолот.

Православдар чоң майрамдарга алдын-ала даярданышат. Өздөрүнүн орозосун кармашат. Мааниси боюнча, православ майрамдары уулу, орто, кичи майрам болуп үчкө бөлүнөт.

Алардын көпчүлүгү Инжилде баяндалган Ыйсанын, Апостолдордун жашооосундагы окуяларга байланыштуу. Мындан сырткары, башка пайгамбарларга жана жергиликтүү ыйыктардын урматына арналган майрамдар да өткөрүлүп турат.

Эң чоң майрам - Ыйсанын кайра тирилишине арналган Пасха. Мындан сырткары православдарда Ыйсанын туулган күнү Рождество, Ыйсанын чөмүлүүсүнө арналган Крещение сыяктуу көптөгөн майрамдар бар.

Жазды чакырган Масленица майрамы. Бишкек, 18-февраль, 2018-жыл.
Жазды чакырган Масленица майрамы. Бишкек, 18-февраль, 2018-жыл.

Кечилдик - аскетизм, тагыраак айтканда адам руханий жашоосун өнүктүрүү үчүн өзүн-өзү чектөөсү православия ишениминде өзгөчө орунду ээлейт.

Православ кечилдигинин эң белгилүү борбору Грециядагы Афон жарым аралында жайгашкан. Ал жерде 20 чоң жана көптөгөн кичи монастырлар бар.

Орус православ чиркөөсүндө монастрлык кечилдик кеңири тараган. Алардын ирилери “Киев–Печора”, “Троица–Сергиев”, “Александро–Невский” монастырлары.

Кыргызстандагы Орус православ чиркөөсүнүн калыптанышы

Орус православ чиркөөсүнүн Кыргызстандагы тарыхы XIX кылымдын ортосунда Орто Азиянын падышалык Орусиянын карамагына өтүшү менен башталат. Келгин славяндардын арасындагы диний уюмдашууну иретке келтирүү максатында 1871 – жылдын 4-майында Түркстан епархиясы уюштурулган.

Алгачкы православдык чиркөө коому 1860-1870-жылдардын аралыгында Чүй жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө - Теплоключенкада, Караколдо, Түптө, Беловодскиде, Пишкекте негизделген. Башында сыйынуулар жана диний жөрөлгөлөр жөнөкөй үйлөрдө жүргүзүлүп турган.

1880-жылдан баштап алгачкы православдык храмдар менен чиркөөлөр курула баштаган. XIX кылымдын аягындагы күчтүү жер титирөөлөрдөн улам алардын көпчүлүгү талкаланган. Кийин храмдар бышкан кыштан же жыгачтан чоң жана кооз болуп курулуп, жасалгалары иконалар, алтын жалатылган чырактар, асма шамдар менен кооздолгон.

Диний жөрөлгөлөрдүн бири. Бишкек, 8-апрель, 2018-жыл.
Диний жөрөлгөлөрдүн бири. Бишкек, 8-апрель, 2018-жыл.

XX кылымдын башынан баштап Кыргызстандын аймагында көптөгөн жаңы сыйынуу жайлары пайда болгон. Алардын эң ирилери Токмоктогу “Ыйык Георгий” храмы, Караколдогу “Ыйык Троица” храмы, Беловодскидеги жана Оштогу “Архангель Михаил” храмдары, Пишпектеги “Ыйык Серафим” храмы болгон. Аларды куруу негизинен дыйкандардын, соодагерлердин, ыктыярчылардын, айрым учурда гана мамлекеттин эсебинен жүргүзүлгөн. Бир нече айылдык храмдар мусулмандардын эсебинен курулган.

Православ дин кызматкерлери кайрымдуулук иштерин аткарышкан. Алсак, жетимдер, колунда жок адамдардын балдары үчүн интернаттарды, агартуучу лекциялар өткөрүлүп туруучу жайларды уюштурушкан. Мындан тышкары, алар системалуу баштапкы билим берүүнү жолго коюп, орус – тузем мектептерин ачышкан. Алсак, Күрмөнтүдөгү “Ыйык Троица” монастырында түзүлгөн айыл чарба мектебинде кыргыз балдарды окутушкан.

Орус бийлиги жергиликтүү элдин диний ишенимине кийлигишүүдөн, диний багытта кысым көрсөтүүдөн алыс болушкан. Кайрымдуулук иштерин жүргүзүү учурунда башка диндин өкүлдөрүн православ ишенимине тартууга умтулушкан эмес. Жергиликтүү элдерге карата православ чиркөөсү тарабынан миссионердик ишмердүүлүк дагы жүргүзүлбөгөн.

Октябрь революциясына чейин Кыргызстандын аймагында 100дөн ашык православ храмдары, сыйынуу үйлөрү курулган. Бирок алардын көпчүлүгү совет бийлигинин жылдарында талкаланган.

Советтер Союзу учурунда Кыргызстандагы православ чиркөөсү Москва патриархатынын Орто Азиядагы епархиясынын курамына кирген.

Орус православ чиркөөсүнүн учурдагы абалы

1990-жылдардын башынан баштап Кыргызстанда православ храмдары, монастырлар, диний окуу жайлар ачыла баштаган. Бир катар храмдардын, чиркөөлөрдүн курулуштары башталган.

Бишкектеги ири “Воскресенск Соборунун” имараты реконструкцияланган. Каракол шаарында, Өзгөн районун Куршаб айылында жана Ош шаарында мурда маданият үйү катары колдонулуп келген чиркөөлөр православ жааматына кайтарылып берилген.

Православ коомуна таандык епархиялык типография ишке берилген. Анда православ гезиттери, журналдары чыгарылып, диний китептер, календарлар, иконалар басыла баштаган.

Бишкек жана Кыргызстан епархиясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери, протоиерей Алексей Сыромятников:

“Ыйык синоддун 2011-жылдын 27-июнундагы аныктамасынын негизинде Бишкек жана Кыргызстан епархиясы түзүлгөн. Учурда Кыргызстандын аймагында 45 храм, төрт чиркөө, бир эркектердин жана бир аялдардын монастыры иш жүргүзөт. Православ диндарларынын болжолдуу саны өлкөнүн калынын жалпы эсебинин 3-4% түзөт. Кыргызстандагы көпчүлүк православдар мурдатан салтуу түрдө православ динин карманган улуттардан турат. Аларга орустар, украиндер, беларустар, кээ бир кавказ элдеринин өкүлдөрү кирет. Өзүнүн диний-ырасымдык ишмердүүлүгүндө Орус православ чиркөөсү Чыгыш, башкача айтканда Византия ырым-жырымдарын негиз катары алат. Чиркөө үчүн бүгүнкү күндө эң негизги жана өзгөчө курч көйгөй катарында күчөп бара жаткан миграция агымын айтат элем. Тилекке каршы, биздин өлкөнү эң таланттуу, билимдүү жаштар таштап кетүүдө”.

Өлкөдө негизиги диний уюмдар катары таанылган исламдын ханафий- мазхабы менен Орус православ чиркөөсүнүн ортосундагы 140 жылдан ашуун убакытта созулган өз ара толеранттуу, бири-бирин сыйлоого багытталган мамиле калыптанган.

Жалпы маалымат

Орус православ чиркөөсү христианчылыктын православ багытынын ичиндеги 16 автокефалдык чиркөөлөрүнүн арасындагы эң чоңу жана таасирдүүсү. Ал Киев Русуна X кылымдын ортосунда жайыла баштаган.

988-жылы мамлекеттик дин катары кабыл алынганына карабастан Константинополь патриархынын көзөмөлүндө болгон. 1448-жылы Орус православ чиркөөсүнүн Жергиликтүү собору анын автокефалиясын (өзүн-өзү башкаруусу) жөнүндө чечим кабыл алып, өз алдынча Москванын жана бүткүл Орустун митрополитин шайланган.

1589-жылы биринчи жолу Патриарх шайланып, чиркөөнүн көз карандысыздыгы Константинополь патриархаты тарабынан таанылган. XVII кылымда патриарх Никон тарабынан жүргүзүлгөн реформанын натыйжасында орус православ чиркөөсүндө ажырым пайда болгон.

Император Петр Iнин тушунда православ чиркөөсү мамлекетке баш ийип, патриархат жоюлган. 1721-жылдан 1917-жылга чейин чиркөөнү ыйык Синод башкарган. Анын мүчөлөрүн император дайындап, Синодду мамлекеттик чиновниктер - обер прокурорлор жетектешкен. 1917-1918-жылдары болуп өткөн православдык чиркөөнүн Жергиликтүү соборунун чечими менен патриархат кайра калыбына келтирилген. ХХ кылымдагы биринчи патриарх болуп Тихон (Белавин, 1865-1925 –жж.) бекитилген.

Совет бийлиги учурунда динге каршы күрөштүн натыйжасында орус православ чиркөөсү юридикалык укуктарынан, жер жана мүлкүнөн ажыратылган. 1917-1939-жылдар аралыгында көпчүлүк чиркөөлөр жана монастырлар жабылган. Дин кызматкерлеринин көпчүлүгү репрессияланган. Бийлик патриарх Тихон каза болгондон кийин чиркөөнүн жаңы башчысын шайлоого тыюу салган.

1914-жылы Орус православ чиркөөсүнүн карамагында 55 миңден ашуун храмы болгон. 1915-жылга карата 168 епископ жана 66 миңден ашуун дин кызматкери кызмат кылган. 1939-жылы төрт епископ, болжол менен 300 дин кызматчы жана ошончо чиркөө гана калган.

Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде мамлекет динге каршы саясатын жумшарткан. 1943-жылы Совет өкмөтүнүн уруксаты менен Архиерейлер собору өтүп, анда жаңы патриарх Сержий (Страгородский) шайланган. Бул жыйында чиркөөнүн заманбап Орус православ чиркөөсү деген аты дагы расмий бекитилген.

Советтер Союзунун динге байланыштуу саясаттын либералдаштыруу православдык чиркөөгө карата да жүргүзүлгөн. Ал 1988-жылы Оруссияны чокундуруунун 1000 жылдыгын майрамдоого даярдануу учурунда башталган. СССРдин 1990-жылдын 1-октябрындагы "Дин эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамдын негизинде Орус православ чиркөөсү диний уюмдун расмий статусун, юридикалык жактын укугун алган.

Учурда чиркөө бийлиги менен аны башкаруунун жогорку органы катары Жергиликтүү жана Архиерей соборлору, Москва жана Бүткүл Оруссиянын патриархы башында турган Ыйык синод эсептелет. Патриархтык милдетти 2009-жылдан бери Кирилл (Гундяев) аткарып келет. 2011-жылдан баштап Жогорку чиркөө кеңеши дагы патриархтын төрагалыгы астында иш жүргүзөт.

Орус православ чиркөөсүнүн Москва патриархатынын курамына автономдуу, өзүн-өзү башкарган Эстония (1920-жылы негизделген), Кытай (1956), Жапон (1970), Латыш (1992), Молдова (1992), Орусиядан тышкаркы православдык чиркөө кирет. Мындан тышкары, чиркөөнүн курамында Беларус экзархаты, 57 метрополия, 296 епархия иш жүргүзөт.

Орус православ чиркөөсүнүн 21 илимий жана билим берүү мекемеси бар. Аларга Москва теологиялык академиясы жана семинария, Гуманитардык Ыйык - Тихон православ университети, “Православ энциклопедиясы” чиркөө-илимий борбору жана башкалар кирет.

Орус православ чиркөөсүнүн курамында 35 миңге жакын храм жана сыйынуу жайлары, 350 дөн ашуун епископ, 35 миңдей дин кызматчы, 6 миңге жакын диакон, 455 эркектер, 471 аялдар монастырлары бар.

Чиркөөнүн диний жана административдик борбору - Москвадагы Данилов монастыры. Ал жерде Патриархтын резиденциясы жайгашып, ыйык Синоддун жыйналыштары дагы өткөрүлөт.

Орус православ чиркөөсүндө сыйынуу негизинен чиркөө-славян тилинде жүргүзүлүп, Юлиан календары колдонулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG