Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

УКМК:Чек арадагы окуя боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы. Баткен. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен Бешкент айылында эки жарандын жоголушу боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 24-апрелде "Кулуңду" чек ара бекетинин жетекчисине Бешкенттин тургунунан эки уулунун жоголуп кеткени тууралуу кабар түшкөн. Ал жаран балдары Сай деген тилкеде курулуш иштерин жүргүзүп жаткан жерден жоголгонун билдирген.

УКМК маалыматты тактоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүп, дайынсыз кеткендерди издөө иштери жүрүп жатканын, аймакта абал туруктуу экенин кабарлады.

Бешкент айылынын эки тургуну 24-апрелге караган түнү курулуш жүрүп жаткан жерден дайынсыз жоголгону тууралуу видео соцтармактарга да тарады.

Туугандары коңшу мамлекеттин жарандары эки жигитти курулушту токтотуу үчүн уурдап кетти деп божомолдошууда. Лейлек районунун акими Бекмурат Баймуратов азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте экенин, окуяны иликтеп анан так маалымат берилерин айтты.

Тажик тараптан азырынча расмий комментарий боло элек. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG