Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Коронавирус беш бейтаптын өмүрүн алды, 325 кишиден аныкталды


 Бишкектеги жугуштуу ооруканада иштеген медкызматкер. Апрель, 2021-жыл.
Бишкектеги жугуштуу ооруканада иштеген медкызматкер. Апрель, 2021-жыл.

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы беш киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 24-апрелде билдиргендей, алардын төртөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көл облусундагы ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1578ге жетти.

24-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 325 кишиден табылды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (124), андан кийин Чүй облусунда (90), Ысык-Көл облусунда (20), Ош шаарында (2), Ош облусунда (6), Талас облусунда (1), Жалал-Абад облусунда (6), Баткенде (1), Нарында (5) учур аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда. Оор жугузгандар жана каза болгондор көбөйүп жатат.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 93 603, айыккандар 87 880 кишини түздү. Бир күн аралыгында 163 бейтап айыкты.

Ушу тапта стационарларда оору менен алышып жаткан 1417 бейтаптын 16сынын абалы канааттандыраарлык, 1011 кишиники орто оор, 332си оор, 58и өтө оор абалда. Үй шартында (амбулатордук) дарылангандар 1753кө жетти. (NT)

XS
SM
MD
LG