Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Мамакеев элди вакцина алууга чакырды


Мамбет Мамакеев эмдөө учурунда. Бишкек. 23-апрель, 2021-жыл.
Мамбет Мамакеев эмдөө учурунда. Бишкек. 23-апрель, 2021-жыл.

Медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеев кыргызстандыктарга кайрылып, коронавируска каршы вакцина алууга чакырды.

Ал өзү 23-апрелде Бишкек шаарындагы №7 үй-бүлөлүк медицина борборунан орусиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп алды.

94 жаштагы Мамакеев Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал начарлап, өлгөндөрдүн саны улам өсүп жатканын эске салды:

"Дүйнөлүк медицина өнүккөнүнө карабай, COVID-19 оорусуна каршы эффективдүү дары табылбай келет. Мындан улам эселеп лабораториялык текшерүүлөрдөн өткөн вакциналарды алып, бул жугуштуу оорунун алдын алууга болот”.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иммунопрофилактика бөлүмүнүн башчысы Бурул Асыкбекованын айтымында, Бишкек шаарына жана Чүй облусуна орусиялык вакцинанын 2500 дозасы бөлүнүп берилген. Аны жашы 65тен ашкан жарандар, өнөкөт оорусу бар адамдар алса болот.

Эмдөө башкалаадагы №2, №6, №7 үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жүргүзүлүп жатат.

Бул препаратты -18, -25 градуста сактоо талап кылынат.

"Спутник V " вакцинасынын 20 миң дозалык алгачкы партиясы Бишкекке 22-апрелде жеткирилген. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG